Бүгүн, 27-мартта Орусиянын Кемерово шаарында миңдеген эл облустук администрациянын алдына бийликтин кетүүсүн талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Кемерово шаарынын борбордук аянтына 4 миңден ашуун адам каза болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрткө бийлик өкүлдөрүнүн жооп берүүсүн талап кылып митингге чыккан. Алар полиция кызматкерлери орноткон тосмолорду бузуп өтүп облустук администрациянын алдына барган. Ошондой эле митингге чыккандар губернатор Аман Тулеевдин кызматынан кетүүсүн талап кылышууда.
Эске салсак, өрт Кемероводогу 4 кабаттуу соода борборунда 25-март күнү чыккан. Анда 64 адам каза болуп, дайынсыз болуп жаткандар да бар.