Өткөн жыл ичинде өрт коопсуздук нормаларын сактабаган соода борборлоруна 820 миң сом айып салынды

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 134 ири соода жана оюн-зоок комплекстери бар. Анын ичинен 96 соода борбору өткөн жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан текшерүүгө алынганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун нормалары сакталбагандыгы үчүн 42 адам административдик жоопкерчиликке тартылып, жалпысынан 820 миң сом айып салынган.

"Ал эми Бишкектеги 20 соода, оюн-зоок борборлору текшерүүгө алынып, өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн жооптуу адамдарга 80 миң сом айып салынган. Бул жылдын 1-кварталында атайын тиешелүү кызматкерлерге кошумча окутуулар жүргүзүлдү. Өлкөдөгү базар, соода комплекстерди текшерүү улантылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан