Мамэкотехинспекция: "Жаңы салынган соода комплекстериндеги өрт коопсуздук нормаларын 3 жылга чейин текшерүүгө укугубуз жок"

25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыгып, анын кесепетинен каза болгондордун саны 64кө жетти.

Мындай жагдайдан улам Кыргыз мамлекетинин аймагындагы ири соода борборлорунун өрт коопсуздугу боюнча абалына кызыгып көрдүк. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаковдун SUPER.KG'ге билдиришинче, өлкө аймагындагы базарлар жана соода борборлору жыл сайын пландуу жана плансыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат.

"Биздин башкармалык өрт коопсуздугу боюнча субъектилердин бардык түрүнө Экономика министрлигинин жана Экотехинспекциясынын макулдугу менен текшерүү жүргүзөт. Текшерүү эки багытта болот. Бири пландуу болсо, экинчиси плансыз. Пландуу текшерүү учурунда биз субъектилердин жетекчилигине 10 күн мурун алдын ала кат жиберип, андан соң текшерүүгө алсак, плансыз текшерүү жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде эскертүү бербей туруп эле кирип барабыз. Бирок плансыз текшерүүгө 3 эле күн убакыт берилет. 3 күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн бөлүктүн өзүн гана текшерип, башка бөлүктөрүн кароого укуктуу эмеспиз. Эгерде соода жайы 3 күн бою жабык болуп калса, эч кандай чара көрө албайбыз. Ал эми пландуу иш үчүн 15 күн убакыт берилет. Ал аралыкта соода жайдын өрт коопсуздугун карап чыгып, мүчүлүштүктөр болсо субъектиге ээлик кылган тарапка же жетекчилигине бир айдын ичинде мүчүлүштүктү жоюу талабы коюлат. Эгер талап аткарылбаса, Административдик кодекстин негизинде 1 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат", - деди Өмүрзаков.

Башкармалыктын жетекчиси жаңыдан курулган соода борборлор 3 жыл текшерилбей турганын кошумчалады.

"Өлкө аймагында жалпы 150гө жакын базар жана 50дөй ири соода борбор бар. 2017-жылы 100 базардын коопсуздугун карап чыгууга жетишкенбиз. Ал базарлардын айрымдарында коопсуздук эрежелер сакталбаганын таап чыгып, базардын жетекчилигине аларды жоюу боюнча талаптарды койгонбуз. Бирок ишти аткарбаганы үчүн 46 ишкерге 820 миң сом айып салынган. Ошондой эле ири соода борборлорду да текшерүүгө алып, коопсуздук эрежелерин сактабаган борбор ээлерине 200 миң сом айып салынган. Көпчүлүк учурда өрт коопсуздугу боюнча автоматташтырылган системдер иштебей калган учурлар болот.

50дөй соода борбордун 20 чактысы Бишкекте жайгашкан. Бирок айрымдары жаңы болгону үчүн коопсуздугу боюнча эч кандай карап текшерүүгө алынбайт. Себеби борбор ишке берилгенден тартып 3 жылга чейин текшерүүгө эч кимдин укугу жок. Арыз берилсе, сөзсүз текшерилет. Азыр Кемерово шаарындагы өрттөн улам Экономика министрлигине кат жиберип, Бишкектеги соода борборлорду плансыз текшерүү аракетин көрүп жатабыз", - деди Өмүрзаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2018-03-27 18:53:01
Антип жомогуңарды ашага барып айткыла!
+1
Zinazima
2018-03-27 19:29:17
А эгер жаңы соода борбордон кокус өрт чыкса кишилер өлсөчу? Жаны соода борборлордүн да каралып чыгышын талап кылабыз!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан