27-марттан 30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күндөр аралыгында мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаап, райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо аба ырайынын температурасы -12-17°С чейин төмөндөйт.
"Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 27-28-мартка болжолдонгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды тазалоонуу сунуштайбыз", - деп ӨКМнын маалыматында айтылат.