Жогорку Кеңеш: "10 миллион сом Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоо үчүн эмес, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бөлүнөт"

10 миллион сом Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоо үчүн эмес, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошумча каражат катары бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тактоо иретинде маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-мартта Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында өкмөт Жогорку Кеӊешке 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ага коштолгон иш-чараларга даярдык көрүү алкагында бюджеттен 10 миллион сом көлөмүндө кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү өтүнүчүн билдирген. Тармактык комитет мындай сунушту колдогон.

Эске салсак, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнө турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2018-03-27 18:42:24
Ошо көчмөндөр ойунуна кеткен акчаны башка нерсеге жумшашса болбойбу?!Ар эки жылда бирден фабрика завод курушса элге пайдалуу болмок.Элда иш менен камсыз болмок салпактап бирөөнүн жеринде тентип журбой. Көчмөндөр ойунун беш жылда же төрт жылда бир кылса деле болмок. Биз эле көчмөндөр болгонбузбу? Пайда түшпөйт ошон үчүн башкалар өткөрбөйт.атамбаев менен исаковдун бизнеси пайдасын экөөбү көрүшөт!
+1
Benazir08
2018-03-28 02:10:46
Ушундан коро Алымбек датканын ат майданы ушул жерде болот деп апчебиз Алай элине соз берген эле Курманжан Датка энебиздин тоюн сонун откорумуш болгон. Бирок анда ар ким оз боз уйун тигип сонун майрамдашкан эле ошого окшогон шан шоокот уюштурбайбы айылдарда. Кайдагы кочмон оюну билбейм акчаны сапырып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан