Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу Нью-Йоркто өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалды багындырды

Кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалды багындырды.

"Bill Farrell International" аталышындагы мелдеште Самат Надырбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Надырбек уулу финалга чейин өтүп, АКШлык Тим Ламберт менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Самат Надырбек уулу 11 упай топтоп атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти.

Муну менен Самат Надырбек уулу алтын медалды тагынса, күмүш медалдын ээси Тим Ламберт болду. Ал эми коло медалдын ээси Зейн Ричард болду.

Эске салсак, Самат Надырбек уулу 2017-жылы АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baatirbek81
2018-04-01 15:03:13
Азаматсың!!!
+2
Sabette
2018-04-01 15:07:35
Эркек
+1
Toxa_bratan
2018-04-01 15:21:51
Эркек
+1
tttalant
2018-04-01 16:10:16
Шугур
0
barsbegKG
2018-04-01 17:57:58
Азаматсың. Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!
+1
arawan
2018-04-01 18:45:13
менин братаным го Таластын арашан айылынын кулуну
+2
gulia90
2018-04-01 20:15:18
arawan,Таластыктар гана спорттон эч кимге бербейт деп койбойсунбу))) Анан тамаша
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан