Оштун "Алай" клубу футбол боюнча Суперкубоктун жеңүүчүсү болду. Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда орун алган беттеште Оштун "Алай" командасы Бишкектин "Дордой" командасы менен кез келди.
Кызуу беттештин жыйынтыгында, "Алай" футболдук клубу пенальтилер сериясында "Дордойдун" үстүнөн жеңишке жетти.
Эсеп саны 20-мүнөттө ачылды, "Дордойдун" оюнчусу Ислам Шамшиев таамай сокку менен эсеп санын 1:0 кылды. Арадан 7 мүнөт өтүп, эсеп саны 1:1ге айланды. "Алайдын" оючусу Амируддин Шарифинин соккусунан улам Александр Мищенко ката кетирип, өз дарбазасына гол киргизди. 68-мүнөттө "Алай" эсепти 1:2 кылып, алдыга чыкты. "Алай" командасы контр-чабуулга чыгып Жоел Кожонун голу менен жыйынтыктады. Беттештин аягына 5 мүнөт калганда Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Авазбек Откеев кабыл алып, таамай сокку менен эсепти 2:2 кылганга жетишти. Командалар кошумча 15 мүнөттөн 2 тайм ойноп, бирок гол киргизгенге үлгүрүшкөн жок.
Муну менен кызуу беттештин жыйынтыгы пенальтилер сериясы менен жыйынтыкталды. Анда "Алай" командасынын оюнчулары таамай болуп, 4:2 эсеби менен Суперкубоктун жеңүүчүсү болду.
Эске салсак, "Алай" футболдук клубу 2017-жылы дагы Суперкубоктун жеңүүчүсү болгон.