Бүгүн, 2-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президенттик аппарат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун дарегине айткан сөздөрүнө комментарий берди. Президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Жээнбеков Атамбаевдин эмоциялуу сөздөрүнө жооп бербейт, мындай сөздөр айтылары алдынан белгилүү болчу дейт. Маалымат кызматынын башчысы “буга чейин экөө бардык маселелерди талкуулап, ар бири өз позицияларында калышкан” деп билдирди.
Жээнбеков менен Атамбаевдин соӊку жолугушуусу расмий маалыматтар боюнча 28-мартта "Ала-Арча" резиденциясында, экс-президенттин үйүндө өткөн.
2017-жылдын 24-ноябрынан, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматты жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден бери коомчулукта сөз болуп келе жаткан окуя ишке ашып, Алмазбек Атамбаев расмий түрдө саясат талаасына кайтты, партиянын кайрадан шайланган төрагасы статусунда. Ушул жылдын 31-мартында Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгына шайланды. Бул үчүн аны кайсы бир партиянын төрагалыгын экс-президенттиктен, жалпы элдик лидерликтен жогору койду деп сындагандар да болду.
КСДПнын курултайынан кийин Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, акыркы күндөрү коомчулукта активдүү сөз болуп жаткан талкууларга чекит койду. Бул күнү мурунку президенттин сөзүнөн улам, учурдагы президент экөөнүн ортосунда оңой менен бир пикирге келбей турган келишпестиктер пайда болгону ачыкталды. Экс-президент учурдагы президент Жээнбековду олуттуу иштер боюнча сындады.
Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол коррупцияга өздөрү батып калды деп сындаган. Алмазбек Атамбаев акыркы 3 жыл ичинде коррупцияга каршы күрөш системдүү түрдө жүргөндүгүн, бул нерсе Коопсуздук кеӊешинин акыркы жыйынында айтылбаганын билдирип, Жээнбековду “коррупцияга каршы сүйлөөдө алдына келтирилген документтерди терең иликтеп чыгууга” чакырды. Атамбаев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл оозунда “Раим миллион” аталып жүргөн Раим Матраимовдун иштен айдалышы Жээнбековго чейин жүргүзүлүп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы экенин айтат.
Раим Матраимов 2017-жылдын аягында кызматтан алынгандан кийин “Ош” бажысынын кирешеси 10 эсе өскөн. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун айтымында, 2018-жылга чейин “Ош” бажысынын 1 күндүк кирешеси 1,5-2 миллион сом болсо, жетекчи алмашкандан кийин күнүнө 15 миллион сом түшө баштады.
Атамбаев толук парламенттик башкарууга өтүү жана “Таза коом” программасын президенттик аппарат стратегиялык пландан алып салганына нааразы. “Буга кандай жол берилгенин сурасам, президент аппаратка ишенгенин айтат. Бул жагдай мени тынчсыздандырат, мындай аракеттер бизди авторитардык режимге кайтарышы мүмкүн”, - дейт Атамбаев.
Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек дейт экс-президент. Сооронбай Жээнбековдун жанына эмитен кошоматчылар топтолуп алганын, алар азыртан эле Жээнбековду тууган жакындарынан бери көкөлөтүп, туура эмес жолго буруп жатканын белгиледи. “Убактылуу жакшы сезилиши мүмкүн, бирок Асылбек Жээнбековдун парламентте отурушу эртеби-кечпи президентке зыянын тийгизет. Акаев менен Бакиевди көргөнбүз”, - деди мурдагы ажо.
Атамбаевдин журналисттер менен болгон пресс жыйыны Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкты, борборду модернизациялоонун айланасындагы чууларды да кыйгап өтпөдү. Мурунку президенттин пикиринде Бишкектин 5 күн бою суукта калышына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер. “2016-2017-жылкы кышка карата тендерлерди Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. 2016-жылы ЖЭБди оӊдоого 280 миллион сом бөлүнсө, 2017-жылы 230 миллион сом жумшалган. Албетте, мынча каражат жумшалган соң Жылуулук электр борбору суукта тоңуп калбашы керек эле. Бирок андай болгон жок. Мурунку ажо коомчулукту ошол нерсеге көңүл бурууга чакырды. "Жогорудагы тендерлердин баары премьер-министр Жээнбековдун командасы тарабынан өткөрүлгөн”, - деди экс-президент.
Президенттик аппарат Сооронбай Жээнбековдун ЖЭБди жаңылоо боюнча жаралган жаңжалга тиешеси жок дейт. Өлкө башчынын пресс катчысы Толгонай Стамалиева ЖЭБди жаӊылоо келишимине 2013-жылы, Жээнбеков Ошто губернатор болуп турганда кол коюлган, ал премьерликтен 2017-жылы 21-августта кеткен, жаңыланган ЖЭБдин ачылышы 2017-жылы 30-августта болуп, ага Жээнбеков катышпаган дейт. Пресс катчысынын билдирүүлөрүнө караганда учурдагы ажо, бир жарым жылга чукул өлкөдө өкмөттү жетектегенине карабай, бул чууга өзүн жооптуу сезбейт. ЖЭБди Кытайдан алынган кредитке жаӊылоо 2017-жылы Жээнбековдун өкмөтү тушунда аяктады. Андыктан 16 ай бою өкмөт башында турган Жээнбеков бул долбоор кантип ишке ашырылып жатканына көӊүл буруп, шектүү жагдайлар байкалса жолго салышы керек эле.
2013-жылы ЖЭБди жаӊылоо келишимине премьер Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Бул келишим ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Электр станциялары” ишканасынын ал кездеги жетекчилиги жана жоон топ КСДПчы депутаттардын активдүү колдоосу менен түзүлгөн. Долбоордун ишке ашырылышына Сатыбалдиевден кийинки премьерлер Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков көзөмөл кылышты. 2016-жылы 17-августта ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбеков ЖЭБге барып жаӊылоонун жүрүшү менен таанышып чыккан. Андан кийин да ЖЭБди модернизациялоо боюнча өкмөттө жыйындар өткөн. ЖЭБде бүгүн калкып чыгып жаткан коррупциялык иштердин алдын алууга, бетин ачууга ал кездеги премьер Жээнбековдо толук мүмкүнчүлүк бар эле...
31-мартта КСДПнын курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын 9-бөлүмүнүн, тактап айтканда, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Дамир Мусакеев коштоп жүргөнү талкуу жаратты.
УКМКнын 9-бөлүмү өлкө жетекчилеринин - президент, парламент спикери, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрагасынын коопсуздугун камсыздайт. Бул органдын жетекчисинин учурдагы президентти эмес, экс-президентти кайтарып жүргөнүн кандай түшүнүү керек? Мындай суроого УКМК комментарий берүүдөн баш тартты. УКМКнын маалымат кызматы комментарийди Дамир Мусакеевдин өзүнөн алуу сунушу менен чектелди. Дамир Мусакеев - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы. Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына 2016-жылдын 1-июнунда дайындалып, ошол кездеги президенттин дарегине “жан сакчысын мамлекеттик маанилүү кызматка жетекчиликке койду” деген сындар айтылган. Мыйзам боюнча экс-президент макамына ээ адамдарга мамлекет бир топ жеңилдиктерди жана жашоого ыңгайлуу шарттарды камсыздап берет, коргоого алат. Ошентсе да, дагы бир экс-президент макамына ээ болгон Роза Отунбаеваны Дамир Мусакеевдин коштоп, кайтарып жүргөнүн коомчулук байкай элек...
Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочулары массалык түрдө иш таштоо уюштурушту. Талаптары жумшак айтканда таң калууну жаратат: жол кире 15 сом болсун, пенсионерлер менен жаш балдарга жол акысы боюнча берилген жеңилдиктер алып салынсын, жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерден деле алып кетүүгө же түшүрүүгө уруксат берилсин, камсыздандыруу полиси жок кичи автобус айдоочуларына айып салынбасын, “маршрутка” айдоочуларына бирдиктүү форма кийүү талабы жоюлсун, кичи автобустардын жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүсүнө уруксат берилсин. Миңдеген бишкектиктерди жуманын биринчи күнүндө эскертүүсүз жолдо калтырган кичи автобус айдоочулары мына ушундай мыйзамсыздыктарды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты.
1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кабыл алынган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Албаса 500 сом айып салынат же унаа айып аянтчасына токтотулат. Унаадагы ар бир орун камсыздандырылууга тийиш, баасы 1 жылга 136 сомдон. Мисалы, кичи автобуста 15 орун болсо, 1 жылга 2049 сом, 1 айга 170 сомдон айланат. Бул сумма айдоочуларга оордук кылат деп айтуу кыйын. 1 ай мурун эскертилгенине карабай ушул күнгө чейин 50дөй гана айдоочу камсыздандыруу полисин алган.
2014-жылы Бишкекте бензиндин баасы 53 сомго, дизель майы 44 сомго чыккан. Ошондой оор күндөрдө деле эл ташыгандар “жол кире актабай жатат” деп иш таштоо уюштурушкан эмес. Учурда дизель майы 40 сом, андыктан күйүүчү майдын баасы иш таштоого жөн гана шылтоо. Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү өскөнү жаккан жок. Айдоочулар “жүргүнчүнү аялдамадан гана алып, аялдамадан гана түшүрүү керек” дегенге да каршы. Азыркыдай эле каалаган жерден токтой берели деген айдоочулар адам өмүрүн алып жаткан жол кырсыктарына “экинчи тилкеден бурулуу”, көрүнгөн жерден токтой берүү өңдүү эреже бузуулар да таасир берип жатканын эске албай жатышат.
Өкмөт баш калаанын борбордук бөлүгүн быйыл күзгө чейин кичи автобустардан тазалоо убадасын берген эле. Жарандык коом бүгүнкү ыӊгайлуу учурду пайдаланып Бишкекти кичи автобустан тазалап, ордуна автобус менен троллейбусту калтырууну мэрияга сунуштады. Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча жүргүнчү ташыган 40 фирма бар. Жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын дал ушул “маршруткалар” ташыйт.
Бишкек мэриясы иш таштаган айдоочулардын талабын аткарбай турганын ачыктады. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов ушул эле күнү жүргүнчү ташыган фирмалардын башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүп, айдоочулар ишке чыкмай болушту. "Фирмалардын башчылары айдоочулар менен сүйлөшкөнү кетишти, талаптары аткарылбаганына карабай алар ишке чыгышат", - деди Атыканов. Бүгүнкү окуя Бишкек шаар башчылыгы элди коомдук транспорт менен камсыз кылуу милдетин чукул арада карап чыгуу керектигин көрсөттү. Буга чейин баш калаанын экологиялык абалы, жол кырсыктары шаарды кичи автобустардан тазалоо чакырыктарына негизги себеп катары айтылып келсе, бүгүн кичи автобустар бир күндө шаар ичинде “өзгөчө кырдаалды” жаратып коё турган күчкө ээ экенин көрсөтүштү...