Интернет айдыңында КСДПнын курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн УКМКнын 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө.
УКМКнын басма сөз кызматы Дамир Мусакеев экс-президенттин жанында кандай максатта жүргөнү боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна "бул тууралуу өзүнөн сурагыла" деп комментарий берүүдөн баш тартты.
Айта кетсек, УКМКнын 9-бөлүмү өлкө жетекчилеринин (президент, парламент спикери, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрагасы) жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыздайт.
Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы болуп 2016-жылы 1-июнда дайындалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы экени белгилүү.