"Республика-Ата Журттун" лидери алмашат деген сөздөр айтылууда

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери алмашат деген сөздөр айтылууда. Бирок SUPER.KG порталына фракциянын депутаттары бул маалыматты төгүндөдү.

Депутат Алтынай Өмүрбекова мындай маалыматы жоктугун айтты. "Лидер алмаша турган болсо фракция чогулуп, бул маселе талкууланмак. Мага эч ким мындай маалымат берген жок", - деди Өмүрбекова.

Депутат Зарылбек Рысалиев лидер алмашат деген маалыматты биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Депутат Аида Исмалиева: "Мен азырынча эч нерсе айта албайм. Бул маселени талкуулоого эч ким мени чакыра элек", - дейт.

Депутат Таабалды Тиллаев: "Мындай маселе каралып, айтылган да жок. Фракция депутаттары чогулган жок", - деди Тиллаев.

Эске салсак, Руслан Казакбаев 16-ноябрда фракция лидери болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан