Орусиянын Москва шаарындагы "Персей для детей" соода борборундагы өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Персей для детей" соода борборунда 4-апрелде саат 13:00дөр чамасында өрт кырсыгы башталган.
"Москва шаарында соода борборундагы өрт кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Москва шаарындагы "Персей для детей" аттуу балдарга керектүү буюмдар сатылган соода борбордон өрт чыккан. Тилсиз жоодон соода борбордун 1 кызматкери каза болуп, 6 өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жаракат алышканы кабарланган.
Ал эми Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон адам имараттын ичинен адашып, сыртка чыга албай калып каза болгонун билдирген.