5-6-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.