Бишкекте жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты начар экенин депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында айтып чыкты. Анын пикиринде, курулуштун саны өсүп жатканы менен сапатына маани берилбей жатат.
"Курулуштун саны өскөнү жакшы. Бирок анын сапатына, өрт коопсуздугуна туура келүүсү сыяктуу маселелерин караш керек. Андан сырткары, Бишкек шаары менен Ош шаарында курулуштар Башкы пландын негизинде курулуп жатабы? Бишкекте бош калган жер болсо эле имараттар курулуп жатат. Андан сырткары, имараттардын сырткы көрүнүшүнө да көңүл буруу керек болуп жатат. Себеби жаңы курулган имараттардын сырткы көрүнүшү эки жылга жетпей өзгөрүп кетип жатат. Бизде сары таш чыгат. Ал көпчүлүк учурда коңшу мамлекеттерге чыгарылып кетүүдө. Ошол сары таш менен кооздоп коюшса сырткы көрүнүшү да жакшы көрүнүп калат эле. Ушул маселе боюнча тийиштүү комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштайм", - деди Жамалдинов.