Ысык-Көлдө 5 жашар бала жоголуп, токойчулар тарабынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын 5 жаштагы тургуну Э.Аширов үйдөн чыгып кетип, кайтып келген эмес. Бала дайынсыз жоголгон күнү ата-энеси жана туугандары издеген, бирок жыйынтык чыккан эмес. Мындан улам алар тийиштүү мекемелерге кайрылган. Издөө иштерине 22 куткаруучу, 80 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 150 адам катышкан. Дайынсыз жоголгон баланы 4-апрель күнү саат 18:30 чамасында аталган айылдан 4 чакырым алыстыктагы тоо тараптан токойчулар таап, ата-энесине өткөрүп берген", - дейт басма сөз кызматы.
Учурда баланын абалы канааттандырарлык.