Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы банкрот болуп сатыкка коюлганын, бирок директорунун айлыгы 4 миң доллар экенин айтты.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясын атайлап банкрот кылып, азыр сатыкка коюшуптур. Сата турган болсок бул Кыргыз мамлекетин сатканга барабар. Өзүбүздүн улуттук авиакомпаниябыз болушу керек да. Башка компаниялар банкрот болбой эле иштеп жатышат го. Ошол эле кезде компаниянын директорунун айлыгы 4 миң доллар экен. Ал бул акчаны эмне иш кылганы үчүн алып жатат? Компанияны банкрот кылганы үчүн алып жатабы? Ошондуктан өкмөт компанияны кимдер банкрот кылганын иликтеп чыгып, жооп берүүсүн өтүнөм", - деди Икрамов.