Бишкекте депутаттар отургузган бактардын көбү куурап калды. Алар мэрияны күнөөлөп жатышат

Бишкектеги Ботаникалык сейил багында депутаттар отургузган бактардын 60 пайызы куурап калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.

Анын айтымында, отургузулган бактар куурап калбашы үчүн жергиликтүү бийлик карашы керек болчу.

"Жыл сайын айлана-чөйрөнү тазалап, бак отургузууну адатка айландырып алганбыз. Өткөн жылы Ботаникалык сейил багында биз, депутаттар бактарды отургузган болчубуз. Азыр анын 60 пайызы куурап калыптыр. Бул жөн гана көз боёмоочулук болуп калып жатат да. Куурап калбашы үчүн жергиликтүү бийлик көңүл буруп туруш керек эле", - деди Субанбеков.

Андан сырткары Бишкек шаарынын абасына токтолду. "Бишкектеги унаалардын саны өтө көп болуп, андан чыккан түтүн ЖЭБдин түтүнүнө тең болуп жатат. Советтер Союзу учурунда унаалардан чыккан түтүндүн нормасы текшерилип турчу. Азыр ушул ишти улантуу керек", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ekaterinburg
2018-04-05 14:04:08
Олтургузуп атканда оюнар ХХХХХХХХХХХХх болсо ошондой болот.
+10
RNA78
2018-04-05 14:16:07
Көчөт эгип жатканда да жакшы тилек кылып эгүү керек, а силер көчөт эккенден да уялып зорго эксенер керек.
+10
AIZAD
2018-04-05 14:20:10
Кылган ишинер дал ошондой!! Келип келип куноолуну издеп... башка арганар барбы?
+7
Ago
2018-04-05 14:25:05
Бакылдын багы когорбойт дейт кыргызда.
+9
Tyty1990
2018-04-05 14:28:48
Депутаттын уйуно чымчык да конбойт дегени чын окшойт
+9
fantomas
2018-04-05 14:32:47
Жогорудагы комменттер туура го, бирок бул жерде мэриянын да тымызын саясаты бардай корунот. Ботаникалык бак кай бироолорго керек болуп, коз артып жатышат. Мэрия ботаникалык бакты ала албай убара. Кочоттордун куурап калышын мен мэриядан коруп жатамын.

Ботаникалык бакты эч кимге бербеш керек. Керек болсо Ататурк (быв.Дружба) паркында салынган особняктарды четинен сурдуруп, парктын аянтын калыбына келтирип, корктондуруу керек...
+5
al-abu-kinesz
2018-04-05 15:37:19
Ээ булардын отурган жерине чоп чыкпайт
+3
tynkatar03
2018-04-05 15:37:44
Мен эс тарткандан бери эле жаз келген сайын депутат министрлер бак тигип келе жатат ошолор осо турган болсо Бишкек токой болуп кетет эле го... Показуха да
+2
Aza17
2018-04-05 16:06:51
Биз депутаттар баскан жерге чоп чыкпай.
+3
altyn7776
2018-04-05 17:04:10
эл ушундай тажаптыр бул жепжутаттардан. Каерде карасан ашатып согуп аткан. Кереги жок болчу алакандай элге ушунча жатып ичээрлердин... койчусу коп болсо кою арам олот болуп, эл эле кыйналды
+2
PROS
2018-04-05 18:16:02
Биздин депутат, чиновниктердин баскан жерине чөп да чыкпайт! Бакты айтасыңар да!
+2
anash
2018-04-05 18:29:29
жеп жутарларды азайтсак жакшы болот 7облустан ондон депутат ошондо 70болот
0
Arlenchik
2018-04-05 19:45:54
70 депутат да коптук кылат, 20ле депутат болсо болот,баары бир кылган иштери жок, пейилинерге жараша оспой калды да, 120баш жепжутар силер жургон жерге чопта оспойт.
+3
jamilya03
2018-04-05 21:03:35
Элдин убалына калгандары аз келгенсип дарактардын да убалына калышыптырда
+2
Asylai88
2018-04-06 06:31:05
Мал ээсин тартпаса башын жейт дегендей депутаттардын колу тийген дарактар оспой калган го. Эккен адамдын дагы ою жакшы болуш керек да дарак осуш учун. Ай депутаттар ай дарак когорто албасанар элди кантип когортот экенсинер а.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан