Коргоо иштери боюнча комитет "2016-жылы 40 жоокер өз жанын кыйган" деген маалыматты четке какты

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынай Өмүрбекова 2016-жылы аскердик милдетин өтөп жүрүп 60тан ашык жоокер каза болуп, анын ичинен 40ы өз жанын кыйганын айтты. Депутат бул фактылар боюнча канча адам жоокерчиликке тартылганына кызыкты.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев айтылган маалыматты четке какты. Анын билдиришинче, 2016-жылы бир дагы аскер өз жанын кыйган факты катталган эмес.

"Өз жанын кыйган жоокерлердин саны жылдан жылга азайып жатат. 2015-жылы эки аскер өз өмүрүнө кол салып каза болсо, 2016-жылы бир да жолу мындай факты катталган эмес. 2017-жылы бир аскер өз өмүрүнө кол салган. Ал эми 2016-жылы аскердик милдет өтөө учурунда 40 жоокер өз жанын кыйган деген маалымат туура эмес", - деди Кедеев.

Бирок ал аскердеги ур-токмок жок боло электигин айтты. "Аскерде ур-токмокко жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бирок аскерде мындай учурлар болуп турат экен", - деп кошумчалады Кедеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-04-05 19:29:07
Тиги депутат Алтынай эжебиз мындай санды каяктан алган 60 болушу мүмкүн эмес акыркы жылдары аскердик кызматты өтөөгө каалоочулар көбөйдү жана жашоо шарты оңолду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан