Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Мегакомду" баалоочуларга канча каражат төлөнө турганын аныктады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады.
"Альфа Телеком" компаниясынын баасын аныктоо боюнча тендер жарыяланган. "Мегакомдун" баасын аныктаган баалоочуларга 3 миллион 800 миң сом төлөнөт. Билдирмелер 26-апрелге чейин кабыл алынат.
Эске салсак, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган. Учурда “Мегакомду” сатып алууга 4 чет өлкөлүк компания кызыкдар болуп жатканы айтылган.