Өлкөдөгү музейлердин жетекчилигине талапкерлер үчүн талаптар өзгөртүлдү

Өлкөдөгү музейлердин жетекчилигине талапкерлер үчүн талаптар өзгөртүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен мындан ары музейлердин жетекчилигине жогорку билимдүү, музейлерде кеминде 3 жыл иштеген же болбосо 5 жылдан кем эмес маданият тармагында башчылык милдетти аткарган инсандар талапкер боло алат.

Белгилей кетсек, буга чейин сөзсүз түрдө педагогикалык же гуманитардык жогорку билимдин ээси болуп, музейлерде 7 жылдан кем эмес иштеген адам гана жогоруда аталган кызматка талапкер боло алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KGstan1981
2018-04-05 18:19:48
Ошондо жанагы байкуш Самара Каримова Сулейман-Тоо музейине жетекчи боло албай калат экенда))))
0
fantomas
2018-04-05 19:00:42
KGstan1981, кайра шарт тузуп жатат кыскартып...

Башта музей директоруна талаптар музейде 7 жыл иштеген адам болушу керек болсо, Окмот менен эксмаданият министрлиги Туголбай Казаковдон сураш керек, Самара Каримованы кайсы талапка ылайык Сулайман Тоо музейинин директору кылып дайындашканын.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан