Бүгүн, 5-апрелде Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде алгачкы жолу "аудиогид" системи орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жабдыктарды сатып алуу үчүн аталган министрликтен 480 миң сом бөлүнгөн.
"Мындан ары "аудиогиддин" жардамы аркылуу музейдеги маалыматтар менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде таанышууга болот. Жабдык 32 тилдеги маалыматты камтый алат. Андагы аудионун убактысы 60 саатты түзөт", - деди басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, буга чейин борбордогу бир дагы музейде аудио аркылуу маалымат берүүчү жабдык орнотулган эмес.