"Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштаган айдоочулар нааразычылык акциясын токтотушту

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштаган айдоочулар нааразычылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев билдирди.

"Биздин талаптар аткарыла элек, бирок жакында айдоо иштери башталат. Ага байланыштуу кечээ өз-ара кеңешип бир чечимге келип, нааразычылык акциясын токтотууну чечтик", - дейт Чолпонбек Жанбаев.

Айта кетсек, буга чейин "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде иш таштап турган жүк ташуучу унаалардын саны 150гө жеткенин Чолпонбек Жанбаев кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2018-04-05 19:20:48
Бироого нан кайгы, бироого жан кайгы, болуп булардын кайгасын уккан киши жок. Ач баланы ток бала тушунбойт, ток бала ач калам деп эч ойлобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан