Кечээ, 5-апрелде Жогорку Кеӊеш аскер кызматчыларынын статусун көтөрүү жана Куралдуу күчтөрдүн уставын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбоору менен турак жайы жок аскер адамдары үчүн батирдик төлөмгө тактоо киргизилүүдө. Эгерде аскер кызматкери батири жоктугун тастыктоочу документин көрсөтсө кызмат өтөп жаткан жерине жараша батирдик төлөм белгиленмекчи.
Депутат Мирлан Бакиров аскерде кызмат өтөгөн жаштарга куруучу, айдоочу сындуу кесиптерди кошо үйрөтүү сунушун берди.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, азыркы учурда 2 миң 500 аскер кызматчысы жеке турак жайга муктаж.