Эсептөө палатасы: "Центерра Голд" бөлгөн каражат алгач мамлекеттик бюджетке түшүшү керек болчу"

"Центерра голд” компаниясы бөлгөн каражат алгач мамлекеттик бюджетке түшүшү керек болчу", - деп SUPER.KG порталына Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасына Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети кайрылган. "Комитет бул маселени карап чыгууну тапшырган. Негизи каражат биринчи мамлекеттик бюджетке түшүп, андан соң Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү фондуна которулушу керек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Канаданын коррупцияга каршы мыйзамы боюнча, компанияларга башка өлкөнүн өкмөтүн түз каржылаганга тыюу салынган. Ошондуктан фонд түзүлгөн.

Аталган компания онкологиялык оорулардын санын кыскартуу жана онкологиялык ооруларды дарылоо натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 10 миллион доллар бөлүүгө макулдугун берген. Учурда компания Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү фондуна 7 миллион доллар которгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан