Депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарын УКМКга өткөрүп берип, иликтөө жүрүп жатканын 6-апрелде SUPER.KG'ге айтып берди. Андан сырткары, аталган ишкананын жетекчилиги тарабынан бюджетке 45 миллион сом чыгым болгону боюнча жаңы материалдар колуна тийгенин кошумчалады.
"Аталган ишканадагы коррупцияга шек жараткан буга чейинки үч эле фактыны айтып өтөйүн. Биринчиден, ишкана 150 вагон сатып алуу үчүн Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 8 миллион 380 миң доллар насыя алган. Ал вагондорду казакстандык фирмалардын бири аркылуу алуу боюнча макулдашуу болгон. Фирма макулдашууга ылайык, 150 вагонду 2018-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирип бермек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 40тай гана вагон келген. Алар да тендердин талабына жооп бербейт. Бул үчүн Кыргыз транспорт прокуратурасы 5-мартта вагондорду алып келе турган казак фирмасына айып салды. Иш өз убагында аткарылса бюджетке бир канча акча түшмөк. Экинчиден, ишкана жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын 137 миллион сом карызын кечип салды. Үчүнчүдөн, Ногойбаев өзүнүн Асел Ногойбаева деген кызына таандык фирмага ишканага тиешелүү жерге мейманкана куруп берип салган. Эсептөө палатасынын аудиторлору муну мыйзамсыз деп тапкан. Топтолгон материалдардын баарын УКМКнын тийиштүү бөлүмүнө өткөрүп бердим. Азыр иликтеп жатышат.
Мага кечээ, 5-апрелде 45 миллион сом чыгым болгону боюнча документтер келди. Аны да УКМКга өткөрүп берем. Качан гана кылмыш иши ачылып, тиешелүү каражаттар бюджетке түшмөйүнчө күрөшүүнү токтотпойм", - деди Акаев.