Бүгүн, 6-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева "Ата Мекен" фракциясынын жыйынына келген жок. Жыйында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу каралмак.
Депутат Бахадыр Сулейманов Жолдубаева эмнеге жыйынга келбегенин сурады.
Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаковдун айтымында, Жолдубаева отчёт берүүгө ден соолугуна байланыштуу келе албай калган.
"Башкы прокурор жыйынга келиши керек болчу. Отчёт бир жылда бир жолу угулат. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Башкы прокуратураны майнапсыз текшерүүлөрдү көп жүргүзүп жатат деп сындаган", - деди депутат.