9-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн жарандары эс алышат

9-апрель, дүйшөмбү күнү - Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик кызматкерлер эс алышат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 1-марттагы “Кыргыз өлкөсүнүн эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча” токтомунда бекиткен.

Ага ылайык, 7-Апрель – Элдик революция күнү ишембиге туш келгендиктен эс алуу күнү дүйшөмбүгө жылдырылат. Мындан улам мамлекеттик кызматкерлер 7-апрелден 9-апрелге чейин 3 күн катары менен эс алышат.

Кошумчалай кетсек, аталган токтом мамлекеттик мекемелерде жана беш күндүк иш графигинде иштеген жарандарга тиешелүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-04-07 10:33:43
Мектептерде окуучулар 9-апрель куну окуйт го?
0
Batma08
2018-04-07 15:20:40
Не кылат эми кайра кайра эс алдырып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан