"Ата Мекен" фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов Башкы прокуратура тарабынан 2016-жылы 8 миң, 2017-жылы 9 миң текшерүү болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"9 миң текшерүү болгону менен, анын 7 пайызына гана кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда көпчүлүк иштер кыскартылып кетүүдө. Тоок уурдагандар камалып, оор кылмыш кылган же мамлекетке зыян алып келгендер сыртта жүрөт", - деди депутат.
Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков ар бир текшерүү боюнча кылмыш иши козголбой турганын эскертти. "Биз текшерип чыгып зыян келтирилген болсо, кылмыш ишин козгойбуз. Зыян болбосо кылмыш ишин ача албайбыз", - деп Казаков депутатка жооп кайтарды.