УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы болуп Токтосун Сабыров дайындалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн башчысы болуп Токтосун Сабыров дайындалды. Бул тууралуу 6-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, аталган кызматты буга чейин Дамир Мусакеев аркалап келген. Ал 4-апрелде кызматынан бошотулган.

УКМКнын 9-бөлүмү өлкө жетекчилеринин (президент, парламент спикери, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрагасы) жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыздайт.

Токтосун Сабыров 1972-жылы 9-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. Ал 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1994-1998-жылдары УКМКнын тергөө башкармалыгында иштөө менен баштаган.

1998-2001-жылдары УКК "Альфа" атайын операциялар башкармалыгы, террорчулукка каршы "Калкан" борбору;

2001-2003-жылдары УКМКнын кызматынын оперативдүү бөлүктөрү;

2003-2004-жылдары Казакстандын Тараз шаарындагы "Вимпекс" компаниясынын регионалдык бөлүмүнүн коопсуздук кызматынын башчысы;

2004-2005-жылдары Казакстандын Алматы шаарындагы "КазВторЦветМет" ААКсынын коопсуздук кызматынын жетекчиси;

2005-2006-жылдары ИИМдин Паспорт жана виза көзөмөлү башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2007-жылдары ИИМдин Паспорт жана виза көзөмөлү департаментинин башчысынын орун басары;

2008-2009-жылдары Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети, төраганын орун басары;

2009-2010-жылдары Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги, министрдин орун басары;

2010-2016-жылдары УКМКда иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-04-06 14:08:55
Казакстанда иштеп келсе, досьесин тыкандык менен текшериш керек эле, балким Казакстандын да атайын кызматында иштеп журбосун?!
-2
Adiletia
2018-04-07 09:02:52
Укмк шадиевти жөн эле кетирип жибербей камагыла коррупционерди
0
senchi
2018-04-07 14:46:24
Элдер дин арызына конул болсонор, дайындалды, алынды дебей. Чек араны карагыла элдер бир кун которулот ошондо кирип кетесинер бизнец сизнецинер менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан