"Тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө гана сөз үчүн кылмыш иши козголот", - деп бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Депутат акын Темирлан Ормуковдун убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин сынга алды.
"Көзү азиз акынды камакта кармап жатасыңар. Ал айткан сөзү үчүн кармалып жатат. Чыдабай ичин кесип салды. Прокурорлор, силер мусулмансыңарбы? Ошол баланы кантип кармап отурасыңар? Журналисттерге карата 3 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин айып салыныптыр. Биздеги журналисттер орточо 20 миң сом айлык алат. 30 миллион айып салынган адам аны төлөө үчүн 160 жыл жашашы керек экен", - деди Иманалиев.
Учурда аталган фракция Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун угуп жатат.