"Ата Мекендеги" мандат талашы: БШК 4 талапкерди партиянын тизмесинен чийип салуудан баш тартты

Депутаттыкка 4 талапкер: Ташполот Балтабаев Талантбек Узакбаев, Гүлнара-Клара Самат жана Рыспек Мирзаматов "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен чыгарылган жок. Мындай чечим бүгүн, 6-апрелде өткөн БШКнын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Буга чейин партия БШКга кайрылып, аталган 4 талапкерди тизмеден чыгарып салууну сураган. Эгер бул сураныч канааттандырылса, парламентке Аида Салянованын ордуна кезек боюнча Болот Шер келери күтүлгөн.

Партиядан чыгарып салууга суралган Ташполот Балтабаев SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын учурдагы лидеринин партиядан кимдир бирөөнү алып салууга акысы жок экенин айткан. "Бул жерде "бир байкеге" орун бошотуу аракети көрүлүп, карасанатайлык жасап жатышат. Мыйзам боюнча баш тарткан киши БШКга өз арызы менен келип, өзү "мен кетип жатам" деп айтышы керек. Башка жолдор менен мандаттан баш тарттыруу мүмкүн эмес", - деген Балтабаев.

Белгилей кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан