Башкы прокуратурада Жогорку Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллар боюнча юридикалык баа бере турган чечим жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков айтты.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Нарын каскадын курууга бөлүнгөн акчанын үчтөн эки бөлүгү уурдалып кеткенин, бул боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия юридикалык баа берүүсү керектигин чечкенин эскертти.
Казаков тийиштүү мамлекеттик кызматка кат жиберилип, учурда жаңы инвестор издеп жатышканын билдирди. Инвестор табылса ал акчаны жаңы инвесторлордон алынган акчадан төлөнүп берилери белгилүү болгонун кошумчалады.