Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн, 6-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчётун угушмак. Бирок башкы прокурор өзү келген жок. Анын орун басары Бөкөнбай Казаков Жолдубаева ооруп калганын айтып, бирок кайсы жери ооруп жатканын билбестигин билдирди.
Фракциянын көпчүлүк мүчөлөрү башкы прокурордун ооруп жатканын далилдеген медициналык тактаманы талап кылышты. "Бул отчёт Башкы прокуратураныкы эмес, башкы прокурордун отчёту. Өзү келип жооп берүүсү өтө маанилүү. Ооруп жаткан болсо, тактама керек", - деди депутат Зарылбек Рысалиев.
Депутат Руслан Казакбаев отчётту угууну башка күнгө жылдырып туруу сунушун киргизди. "Ар бир эле адам ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан башкы прокурордун отчётун башка күнгө жылдырып туралы", - деди Казакбаев.
Айта кетсек, буга чейин Башкы прокуратура бир жылдык отчёту менен "Ата Мекен" фракциясын тааныштырган. "Ата Мекен" отчётту "канааттандырарлык эмес" деп таап, Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечим чыгарган. Бул фракциянын жыйынына да башкы прокурор катышкан эмес.