СУПЕР ТВ: Жүрөк сыры. “Күйөөм сиңдимди ойнош кылып алыптыр”

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "Супер ТВнын" "Жүрөк сыры" долбоорунда.

"Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, иним жана сиңдим бар. Ата-энем автокырсыктан каза таап, чоң энем бизди багып чоңойтту. Мен мектепти аяктагандан кийин шаардагы кафелерде идиш жуугуч, кийин нан жасаган ишканада иштедим. Чоң энемдин көзү өткөндөн кийин үчөөбүз шаардан батир алып күн өткөрүп жүрдүк. Иним эстүү чыгып, ар кайсы жумуштардан иштеп, тапканын мага алып келет. Экөөбүз акча чогултуп Бишкектен бир бөлмөлүү үй сатып алдык. "Биз окубай калдык, эми сиңдимди окуталы" деп окуу жайга тапшырттык.


Жашообуз бир аз өз нугуна түшүп калганда Кайрат аттуу жигитке жолуктум. Буйрук экен, Кайрат экөөбүз баш кошуп, бир кыздын ата-энеси болдук. Иним үйлөнүп, сиңдим болсо турмушка чыгып, ажырашып кетти. Мен көр турмуш менен алышып базардан товар алып, Казакстанда калып калган күндөрүм да болчу.

Ошол күнү товар алып, чарчап такси менен келе бергем. Түнкү саат үчтөрдө үйгө жетип, эшик какпастан ачкыч менен ачып кирдим. Кызым уктап жатыптыр, өз бөлмөмө өтсөм, күйөөмдүн жанында бир аял жатат..."

Окуянын видеосун толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, "Супер ТВдан" көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhaku2017
2018-04-06 16:54:07
Эжеме ишенип эрсиз калдым, болуп.
+3
Eli.91
2018-04-06 17:05:39
Супер Инфо интернет анча тартбаган айылдар толтура,озунор ойлонсонор боло?бул видеону коройун десе загруска боло берип тажатат,толлук эле жазып койсонор эмне?адамды кызыктырып анан бул жактан коргуло дегенинер эмнеси?ушул жагында эске алып толук эле жазып чыгаргыла сураныч?
+27
admin_portal
2018-04-09 16:10:31
Eli.91, Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз.
0
NURTILEK_KG
2018-04-07 07:43:57
Толук чыгарып коюнуздарчы.ашыкча мб жок скачать эткени
+2
omurbekkutibaev77
2018-04-07 07:46:57
Туура айтасынар,ушул жерден да акча тапкысы келишет
+3
tynkatar03
2018-04-07 08:12:30
Уландысы белгилуу куйоосунун жанында жаткан синдиси окшойт да.Кудай мындай шермендечиликтен сактасын!!!Эки дуйно азабы бар ойношчулуктун
+2
aknazar-aksy
2018-04-07 13:41:30
Эң кызык жерине келгенде токтотупсуң да аа Гүлжан. Элдин баарын дүүлүктүрүп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан