Экс-президент Атамбаев Апрель окуясына карата кайрылуу жасады

Бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель окуясына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу КСДПнын сайтына жарыяланды.

"Бүгүн ак менен каранын ортосундагы күрөш орун алган - Апрель окуясына 8 жыл толду. Бул күн Кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды.

7-апрель күнү 87 жараныбыз курман болгон. Бирок андан кийин өткөн сегиз жылдын ичинде да, алган жаракаттарынан улам ондогон жигиттерибиз көз жумду. Бул биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат.

Мунун баары үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун кесепети экенин эч ким тана албас. Ошондуктан "туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деген эзелки сөзүн Кыргыз бийлиги унутпашы керек.

Эки жыл мурда өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына 7-апрель - Элдик Апрель революциясы да кошулган. Ошондо кайгы менен муңга толгон бул күндү эмнеге майрамдайбыз, бул күн аза күтүү күнү болушу керек дегендер чыккан. Буга чейин да айтып келгем, дагы бир ирет кайталайм. 7-апрель - Элдик революциясы - бул элибиз үчүн майрам! Анткени кандай гана күрөш, согуш болбосун анын жеңишке жеткен акыркы күнү майрамдалат", - деп айтылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nazarKGZ
2018-04-06 15:46:25
Эчкандай майрам эмес ушулардын артынан канча адам олосо да оздорун ойлошту болгону
+12
nemo2016
2018-04-06 15:46:55
Атанын башына майрамбы
+14
BekAmir
2018-04-06 15:50:01
Атамбаев бизди карызга белчебизден тыкты...
+19
kechirmeni
2018-04-06 16:17:59
Ушу АШАны коргум да уккум да жок, Ушунчалык жададым
+14
akyn
2018-04-06 16:45:49
Атанбаевди короооорго коз калбадыыыыыыыы (((
+10
kechirmeni
2018-04-06 16:46:19
Саясаттан кеткени, олко ишине аралашпаганы, иштеп аткандарга кийлигишпегени, уйундоо эле жым отурганы бизге ото чон жардам эле.
+7
evra_kg
2018-04-06 16:52:23
Атанбаев озунун туулган кунундой эле белгилесе керек роза эжеси экоо
+5
Taalaibek.
2018-04-06 17:14:12
Кыргызстанды онуктуруп койгонсуп кайрылуу жазамыш эткениби.
+8
Daak9091
2018-04-06 18:00:32
Не деримди да билбейсин андан коро эми
+3
salimbek87.kg
2018-04-06 18:03:55
Апрель 7не караганда июнь 10эсте көбүрөөк калды ким кандай ойлойт? менин жеке оюм. Ош окуясы.
+6
NURSAPAR
2018-04-06 18:38:05
Эми эптеп карызыңардан кутулуп алгыла айланайындарым деп койбоптур
+7
jbolotov
2018-04-06 18:58:18
7 апрель Атамбаевдин таасири буткончо майрам деп белгиленип турсун, андан кийин жоопко тартылатурган мезгил келип калаар.
+5
Juni1
2018-04-06 21:11:50
Буга эми не жок, поезди кетти го эми жон эле журо берсинчи аралашпай эч кимге
+1
bond02
2018-04-06 22:31:14
соз ким жонундо кетип жатканын ачык эле айта бер да, бурмалабай.
+1
al-abu-kinesz
2018-04-06 22:43:54
Бул адам нак тулку, Сокенин колтугуна жабышат эми бойпондоп подхалим болуп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан