2017-жылы Башкы прокуратура тарабынан 9 миң 417 текшерүү жүргүзүлүп, 14 миң 607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун берип жатып билдирди.
Анын айтымында, тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9 миң 670 адам тартылып, коррупция боюнча 704 кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле билим берүүнүн 6 объектиси, саламаттыкты сактоо объектилерине мурда таандык болгон 3 жер тилкеси, бир ат майдан, андан тышкары жалпы аянты 629 гектарды түзгөн 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Казаков кошумчалады.
Анын отчётун уккан соң фракция мүчөлөрү мамлекетке ири зыян алып келген жагдайлар иликтенбей жатканын белгилешип, жыйынтыгында фракция отчётту "канааттандырарлык эмес" деп тапты.