Акыйкатчы: "Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине бекер алынып келе баштайт"

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине бекер алынып келе баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде "Эмгек мигранттарынын укуктары" аталышындагы тегерек столдо акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Акыйкатчы институту "Жүк 200дү" жеткирүүдөгү көйгөйлөр менен өкмөткө кайрылып, өкмөт компенсация бекитип берди. Буга чейин чет өлкөдө иштеп жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө кеткен каражатты ошол жакта эмгектенип жүргөн мекендештер чогултуп берчү.

"Кыргыз жарандарынын 57 пайызы Орусияга иш табуу үчүн кетишет. Алардын 34 пайызы курулуш иштеринде, 26 пайызы соода тармагында, 24 пайызы тейлөө кызматтарында эмгектенишет. Орто эсеп менен эмгек мигранттарынын жумуш убактысы 8 же 10 саатты түзөт. Мигранттардын көбү эмгек келишими жок иштейт. Бүгүнкү күндө Москвада уюмдар менен ишканалар биздин 2084 жаранга эмгек акы төлөгөн эмес, башкача айтканда, 34 миллион 550 рубль карыз. Учурда мигрант мекендештерибиздин көйгөйү - бул эмгек келишимин жумуш берүүчү менен өз убагында түзө албай жатканында", - деп билдирет акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nargiz94
2018-04-07 00:44:13
Чет жерде эч ким каза болбой эле койсунчу.
+6
century
2018-04-07 01:02:54
Өлүмдүн алдын алгандан көрө бекер алдырып келүү оңой экен да ммммм
-1
asanaliev.s
2018-04-07 01:11:14
Аллах озу сактасын мекендештерибиз Аман эсен уйлоруно бала чакасына ата энесине кайтып келишсин.
+5
madina.87
2018-04-07 01:13:24
Кудай сактасын,эчким ажал таппасын эчжерде,бирок деген жери бар...
Кыргызстан иш менен камсыз кыла албай элди тентитип жиберди.
Чет жерде журуп,каза болгон мекендештерди жок дегенде бекер жеткиргени тузук эле жанылык.
Кудай сактасын,аркандай кырсык болуп каза тапканы бир азап,суротун интернетке жайып акча чогулткан бир азапго.
+7
Sagyn.91
2018-04-07 02:59:31
Куру соз. Барактарда гана тамгалар сайрабаса реалда ишке ашпай калды го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан