Бишкекте бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт


Бишкекте бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, миграция кызматы студенттер, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жаштарга бош жумуш орундары үчүн жарманке өткөрөт.

"Жарманке 11-апрелде саат 10:00дө Кыргыз улуттук университетинде болуп, анда келген катышуучуларга Дания, Түштүк Корея, Япония, Германия, Чехия, Түркия, Орусия, Бириккен Араб эмирлиги жана Катар мамлекеттеринен иш табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп маалыматта жазылат.

Мамлекеттик миграция кызматы жумуштардын басымдуу бөлүгү мейманкана, ресторан, дүкөн, фабрикаларда экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан