Кербен шаарына Өзбекстандан көчмө зоопарк келди. Балдардын маанайы мыкты

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кербен шаарына Өзбекстандан көчмө зоопарк келди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жергиликтүү жашоочу Элнура Мамыралы кызы билдирди.

Анын айтымында, көчмө зоопарк шаардагы борбордук стадионго жайгаштырылган. Учурда жамгыр жаап жатканына карабастан эл абдан көп.

"Мен баламды алып, ата-энем менен келгем. Зоопаркта төө, аюу, жолборс, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөрдүн бир канча түрү бар экен. Чынында балдар, балдар эле эмес айрым чоң адамдар буга чейин жаныбарларды мультфильм, тасма, сүрөттөрдөн көрүп жүргөн болсо, эми жанынан көрүштү. Балдардын маанайы абдан жакшы, баары жаныбарларды көрүп таңыркап жүрүшөт.

Маскарапоздор да бар экен, алар балдарга оюн коюп, көңүлдөрүн ачып жатат. Бул күнүмдүк окшош күндөрдү жакшы нукка бурган күн болду.

Көчмө зоопарк биздин шаарда канча күн болору мага белгисиз", - деди Мамыралы кызы.

Кербен шаарына көчмө зоопарк келди
Кербен шаарына көчмө зоопарк келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
talant87
2018-04-07 13:25:21
Алабукда 10 ашык турдуго булар
0
mir_said87
2018-04-07 13:28:17
ала букада 20 кун болду
0
elzad01
2018-04-07 13:30:25
Булар Кыргызстанды айланат окшойт Жалал-Абад облустундагы райондордо дагы журуп кетишти
+1
Nuri1988Elim2010
2018-04-07 13:33:58
Бизге паркка коюшуп,бут жактын арамын чыгарып,мусорго айлантып кетишти!Жаныбарлар турган жерлер сасып,эми ал жерде жаш балдар ойносо кандай болораз экен.Алар кеткенден кийинки абал адам ыйлагыдай абалда калды,Балдарыбыз суйунуп жатышат,бирок булганыч абалда таштап кетишти
+3
Nuri1988Elim2010
2018-04-07 13:35:43
Мусорлорун таштап кетишти,жаныбарлардын кыйларын сасытып
+4
aknazar-aksy
2018-04-07 13:38:07
Көрүп келиш керек экен аа бала чака менен аа Жибек.
-2
modem4999
2018-04-07 14:12:20
aknazar-aksy,ватсаптан жазгандай жазыпсыз го.
+11
kani-esen
2018-04-07 13:48:20
Эмнеге озубуздун зоопарк буларга окшоп кыргызтанды туро кыдырбайт. Ыссык - Колдогу зоопарктагы жаныбарларды багыш кыйын болтат,окмот акча бербейтат деп былтыр чыгышты эле. Ошолор айланса болмок кыргызтанды. Мына эми [moderated] айланып эки уч жылга жете турган акча жыйнап кетишет.!!!
+7
suban78
2018-04-07 14:08:13
Мен откондо барып электрика иштерин кылып берип, по ходу жаныбарларын, жыландарын коруп келдим. (Бесплатно). Мусорлорун кунуго жыйнашат экен, келе берсин да, балдарыбыз коруп суйунгонун корсонор жаман соз айтпайт эленер. Акчасы арзан эле.
+1
modem4999
2018-04-07 14:10:06
Каз да журобу ал уйлордо деле бар го
0
Zhoro
2018-04-07 14:38:34
Кыргыз жаранын атып салганына байланыштуу бизди алаксытуу максатында келишкен болушу керек?
+2
aika0906
2018-04-08 23:56:29
Zhoro,алаксытуу максатында эмес булар бизге февраль айында келишкен 20 кун турушту Кочокар атада.. айланып Караванга эми жетиптир да просто
0
aika0906
2018-04-08 23:56:58
Zhoro, Кочкор Атада
0
RICH.
2018-04-07 20:48:25
Буларды ХХХХХХХХХ ошондо коробуз нота жонотот бекен бизге ХХХХХХХ
0
aiba.8327
2018-04-08 15:01:03
озбектердин бизге кереги жок еле да ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан