Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде Кыргыз мамлекетиндеги христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосу президенттик аппараттын расмий сайтында жайгаштырылды.
"Кыргыз өлкөсүндөгү православ жарандар, сиздерди Пасха майрамы менен куттуктайм. Пасха салтанаттары - биздин коомдо этностор жана башка-башка дин тутунгандар арасындагы түшүнүшүүнүн, ынтымактын, биримдиктин бар экенин далилдейт. Ушул кубанычтуу майрамда сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык жана ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Айта кетсек, бүгүн өлкөдө христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күн сыйынуулар, ырым-жырымдар менен коштолот. Майрам күнү атайын таттуу токочтор бышырылып, бири-бирин куттуктап, жакшы тилектерин билдиришет.