Социалдык тармактарда Бишкектеги Калык Акиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгына төшөлүп жаткан лотоктор талкууга түштү. Интернет колдонуучу аталган жерге коюу үчүн алып келинген бетон лотокторду сүрөткө тартып: "Бул лотоктор стандартка жооп бербейт, сууну жерге өткөрүүчү тешикчелери жок", - деп жазган. Бишкектин жашоочулары эми мындай арыктар менен баш калаа такыр бак-дараксыз калат деген билдирүүлөрдү жазышууда.
"Мындай лотоктордун коюлушу шаардагы бак-дарактарга зыянын тийгизип, дарактардын куурап калуусуна алып келет. Эмнеге көзөмөл жок, эмнеге бардык талаптарга жооп берген лотокторду алып келишпейт?" - деген билдирүүлөр көбөйдү.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаевге байланышып, жооп алды. Анын айтымында, Бишкектин көчөлөрүндөгү арыкка коюлуп жаткан лотоктор бардык стандарттарга жооп берет.
"Калык Акиев көчөсүндөгү арыктарга коюлуп жаткан лотоктор арыкка коюлгандан кийин жерге суу өткөрүүчү атайын тешикчелери чагылып, толук шарттар аткарылат. Ал эми лотоктордун жаңысында тешикчелери жок болгону менен, атайын тешүүгө даярдалган издер бар. Ал эми мындай тешикчелери жок да лотоктор болот, андайлар бак-дараксыз жолдун жээгиндеги арыктарга коюлат.
Албетте, шаар тургундарынын ишти көзөмөл кылып турганы жакшы, бул жагдай боюнча айтсам, балким, түшүнбөй жатышкандыр. Лотоктор орнотулгандан кийин издер тешилип, жер алдынан суу өткөнгө ылайыкташат", - деди Эшенбаев.