"Кара-Суу районунун Учар айылынын жогору тарабында жайгашкан Кырман участкасынын үстүндө жыл сайын жазында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралат. Кырсыктын алдын алуу үчүн жер тилкеси чуңкур казылып селкана курулган. Бирок айылга бейтааныш адамдар келип, ошол селкананын жанына жол сала баштады. Андагы топурактар селканага түшүп, чуңкур толуп жатат", - деп жергиликтүүлөр SUPER.KG порталына билдиришти.
Тургундардын айтымында, бейтааныш адамдар эч кандай уруксат кагазын аларга көрсөткөн эмес, өз алдынча иш жүргүзүп жатышат.
"Мурда келген селдердин ылайы кургап, ансыз да чуңкур 2-3 метрге көтөрүлдү. Эми бейтааныш адамдар келип жол салабыз деп селкананы толтуруп жатат. Эгер селкана жок болсо, суу айылды каптап кетет. Биз айыл эли ал жарандарга абалды түшүндүрө албай жатабыз", - дешет.
Ал эми жол салып жаткан Манас Абдыкаров аттуу тургунга байланышка чыкканыбызда, ал буга чейин аталган айылдан жер тилкесин сатып алганын, алдыда үй кура турганын айтты.
"Биз беш киши ушул айылдан жер тилке сатып алганбыз. Жер тилке дегенде жайык бир жер эмес, кадимки адыр сыяктуу дөңсөө жерди түздөп ылайыкташтырдык. Андан кийин биз курулуш үчүн керек болгон каражаттарды ташууга жол издедик. Эми биз жаңы келген адамдар көбүн тааныбайбыз, унаа кире турган жолду айылда жашаган бир аял өзүнүн тилкесине кошуп тосуп алыптыр. Аны жол ач десек, макул болбой койду. Айла жок биз дөңсөөнү жол кылып түздөп жатабыз. Ал жерден селкана бир топ алыста турат. Бирок жергиликтүүлөр ошону шылтоо кылып жатат. Балким бизди кабыл алгысы келген жок, тоскоол болуп жатышат. Менин үйүм жок, ушул жерге отурукташсам дейм. Келечекте селкананы кыдырата терек эксем деп ойлоп койдум. Ал суу жээктерин бекемдейт. Келгенде эле айыл өкмөткө жолугуп, карта менен таанышканбыз. Колумда жер тилкемдин бардык документтери бар", - деди ал өз билдирүүсүндө.
Бул боюнча Учар айылы кирген Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн орун басары Улукбек Кадыровго кайрылганыбызда, тургундар кооптуу жайларга үй куруп жатканын айтты.
"Мен жергиликтүүлөр кеп кылып жаткан саналуу адамдар тууралуу эле эмес, жалпы айтам. Бул жер шаар тилкесине карайт, анда сел топтолуучу чуңкур курулган. Биз түшүнбөй жатабыз, шаар бийлиги кантип жарандарга кооптуу жайга турак жай курууга уруксат берип жатат. Уруксатыбыз бар деп келген жарандар дароо үй куруп, селкана толуп жатат. Сел дайыма келе бербейт, 5-10 жылда бир келет. Сел каптай турган болсо, курулуп жаткан үйлөрдү бүт алып кетет. Ал эле эмес Кырман тилкесин толугу менен алып кетиши мүмкүн.
Албетте, жеке адамдарды күнөөлөй албайбыз. Анткени аларга "Кура бер, уруксат" деп айтып жатышат да. Андыктан биз Ош шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына бир нече ирет кайрылдык, бирок жооп болгон жок. Кырман тилкеси шаарга карагандыктан, биз элге уруксат берүүнү токтото албай жатабыз. Эртең куруп жаткандардын өздөрүнүн өмүрүнө коркунуч жаралат", - деди Кадыров.