Бишкек шаарында дени сак жашоого үндөгөн жарым марафон болуп өттү

Бишкек шаарында ден сак жашоону пропагандалаган жарым марафон болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү спортту жана дени сак жашоону пропогандалаган жарым марафон болуп өттү. Аталган жарым марафонго жалпы 1000ден ашуун адам катышты. Жарым марафон "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен старт алды.

Марафончулар өздөрүнүн күчтөрүн 5, 10 жана 21 чакырым аралыкта сынап көрүштү. Аталган иш-чарага шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.

5 жана 10 чакырым аралыкка чуркоого 16 жаштан өткөн жарандар катышууга мүмкүнчүлүк алды, ал эми 21 чакырымга 18 жаштан өткөн жөө күлүктөр катышты. Ошондой эле 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар 100 метр аралыкта күч сынашса, 6 жаштан 8 жашка чейинкилер 300 метр аралыкка чуркоо мүмкүнчүлүктөрүн алышты.

Жарым марафондун ар бир катышуучусуна атайын старттык пакеттер тапшырылды, анда сумка, жарым марафон тууралуу маалымат, убакытты каттап калуу үчүн электрондук чип берилди. Мындан сырткары, жарышка түшкөн катышуучулар үчүн жол бою жана марада атайын тамактануучу жана эс алуу үчүн чатырлар тигилди.

Жарым марафонду уюштуруунун негизги максаты шаар тургундарын спорт менен машыгып, дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adiletia
2018-04-08 20:06:02
Не по тему, бирок атамбаев көөп жашаса экен өлбөй турса экен
0
Adiletia
2018-04-08 22:18:59
Кылган косяктарына жооп берсинда. Каяп кетпей өлүп калбай. Түрмөдө чирисин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан