Ош облусундагы Алай районунун Жерге-Тал айылынын 69 жаштагы тургуну тууганын бычактаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү психикалык жактан жабыркайт.
"70ке таяп калган жаран психикалык жактан жабыркагандыктан таякесинин 1972-жылы туулган баласы андан кабар алып, тамак ашына жардам берип турчу экен. Ошол күнү да кабар алганы барыптыр. Ал байкабай турганда бычак сайып жиберген. 46 жаштагы адам алган жаракатынан улам ооруканада каза болду", - деди маалымат катчы.
Маалыматта белгиленгендей, шектүү 3 баланын атасы. Алардын бири учурда Орусияда эмгектенет.
"Ал эми 2 баласы каза болуп калган экен. Алардын көз жумгандыгы тууралуу бул адамга ошол таякесинин баласы угузган. Ошондон бери балдарымды сен өлтүргөнсүң деп оорусу кармаган учурда ачуулана берчү экен. Кошуналарынын айтымында, өткөн жылы да бир кошунасына бычак сайган. Ал аман калган. Учурда бычак сайган адам убактылуу кармоочу жайда", - деп басма сөз кызматы билдирди.