Филиппиндиктер үчүн №1-адамга айланган мушкер, бокс боюнча Дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо (толук аты-жөнү Эммануэль Дапидран Пакьяо) 1978-жылы 17-декабрда Филиппинде жайгашкан Букиднон провинциясынын Танго айылында жарык дүйнөгө келген.
Пакьяого чейин дүйнөлүк бокстун тарыхында Филиппинден бир дагы Дүйнө чемпиону чыккан эмес. Жакыр жана көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон мушкер 12 жашынан тартып иштей баштаган. Ал алгач таттуу токочторду сатып иштеген. Пакьяонун таякеси анын жумушка болгон жоопкерчилиги жана алдыга умтулуусу жогору болгонун кийин айтып берген.
Өспүрүм Пакьяо белгилүү мушкерлер Майк Тайсондун жана Бастер Дугластын беттешин көрүп шыктанып бокс менен машыга баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, иштеп жүргөн учурунда Пакьяо үйүнөн кетип калган. Анын үйдөн кетүүсүнө узак убакыттан бери үйүнө келбей, үй-бүлөсүнө каралашпай жүргөн атасы келип мушкердин эң жакшы көргөн күчүгүн союп жеп салгандыгы түрткү болгон. Дал ушул күндөн тарта тирүү легендага айланган Пакьяо бокс менен жигердүү алектене баштаган.
Ал бокс менен машыгып дүйнөгө таанымал гана болбостон, өзүнө жаккан иш менен акча таап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип, мамлекети үчүн көптөгөн иштерди жасоону көздөгөн.
Пакьонун өжөрлүгү жана алдыга умтулуусу анын дүйнөдөгү 8 салмак ченинде чемпион болгон жалгыз мушкер болуусуна алып келген. Мындан сырткары ал саясатка аралашып шайлоодо жеңишке жетишкен. Өзүнүн спорттук карьерасындагы эң алгачкы акча каражатына Танго айылындагы аз камсыз болгон бир нече үй-бүлөгө үй куруп берген. Убакыттын өтүшү менен жана акча каражатынын көбөйүшү менен, Мэнни Пакьяо өзүнүн туулуп-өскөн айылына 1000ден ашуун үй салып, ал аймакты "Пакман-вилладж" деп атаган.
Мушкер аталган аймакта жашаган өспүрүм балдар жаман жолго түшүп, баңгизаттарын сатып жана колдонбосун деген үмүттө спорттук аянтчаларды, сейил багын жана көп функционалдуу борбор ачкан.
Мэнни Пакьяо: "Биздин өлкө жаңы баатырларга муктаж. Менин жашоомдогу эң оор кармаш - бул рингдеги кармаш эмес, бул менин өлкөмдөгү жакырчылык менен болгон күрөш".