КҮНСЕРЕП: УКМКдан Атамбаевдик кадрлар кетти. Жээнбековдун "Сегизбаеви" ким болот?

Бүгүн, 9-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга кетти. КСДП партиясынын билдиришинче, Атамбаев Хайнань аймагында “Ачык жана заманбап Азия өнүгүү жолунда” аттуу форумга катышат. “Мындан тышкары жолугушуулар болот”, - деген КСДП Атамбаев кимдер менен жолугарын, анда эмне тууралуу сүйлөшүү болорун ачыктаган жок.

Интернеттин кыргыз сегментинде Атамбаевдин 7-апрель күнү “Ата Бейитке” Апрель баатырларын эскерүү иш-чарасына барбаганы талкууланып жаткан. Анын Кытайга сапары бул талкууларга жаңы түс берип, күчөттү.

7-апрелде өлкө жетекчилиги “Ата Бейит” комплексинде 2010-жылкы революциянын курмандыктарын эскерди. Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер Сапар Исаков, спикер Дастан Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, экс-президент Роза Отунбаева, күч түзүмдөр башчылары, бул күнү каза тапкан маркумдардын жакындары чогуу Апрель баатырларынын эстелигине гүл коюшту.

6-апрель күнү президенттик аппарат “Ата Бейиттеги” иш-чарага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылганын билдирген. Эки экс-президентти эл 2016-жылдын 31-августунан бери чогуу көрө элек. Аталган жылы 31-августта “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюшулган салтанатта Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттү, ага кошуп Отунбаеваны сындап, дарегине ачуу сөздөрдү айтып баштаганда, ал жерде конок катары отурган Отунбаева Атамбаевдин сүйлөп бүтүшүн күтпөй басып кетип калган. Ал эми былтыр, 2017-жылдын 24-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына экс-президент Отунбаева чакырылбай, “унутта” калган. Учурдагы саясий абалдан улам өткөн катачылыктарды оӊдосок дедиби, айтор, Жээнбековдун администрациясы 7-апрелдеги иш-чарага экс-ажолордун экөөнү теӊ чакырды. Отунбаева менен Атамбаевди 1,5 жылдан бери биринчи жолу ушул иш-чарадан чогуу көрүү мүмкүн эле, бирок Атамбаев келбеди. КСДПнын “экс-президент ден соолугуна байланыштуу келген жок” дегени көпчүлүктү ынандырган жок. 1 күндөн кийин Алмазбек Атамбаев сак-саламат Кытайга учуп кетти.

Мурдагы ажолор, көрүнүктүү саясатчылар, бийликте же оппозицияда экенине, жеке мамилелердин абалына, саясий көз караштарына карабай, өлкө үчүн маанилүү иш-чараларда эл алдына бирге чыгуу менен элдин биримдигине жакшы таасир эте алышат. 2017-жылы АКШда катуу шамал, суу каптоолор көптөгөн үй-жайды талкалады. Кырсыктан кийин өлкөнүн экс-президенттери Жимми Картер, Жорж Буш - улуусу, Билл Клинтон, Жорж Буш - кичүүсү жана Барак Обама биргеликте “Америкага чакырык” аттуу акция баштап, зыян тарткандарга каражат топтоону демилгелеп чыгышты. Оор күндөрдө Америка элин бирдиктүү, кайрымдуу болууга чакырышты. Мындай аракет бир эле Америкада эмес, Кыргыз жергесинде деле оң жыйынтык берет...

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди жана анын орун басары Болот Сүйүмбаевди кызматтан алды. Бул кадрдык чечимдер коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып, көбүнчөсү Жээнбековго коомчулуктун колдоосун алып келди.

Болот Сүйүмбаев - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы. УКМК төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп 2016-жылдан бери иштеп келген.

Абдил Сегизбаев 2003-2005-жылдары президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп иштеген. 2005-жылы 24-март окуясынан кийин саясий аренадан көрүнбөй кетип, 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин Атамбаевдин командасында саясатка кайтып келди. 2011-2012-жылдары Атамбаевдин жардамчысы, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы, президенттин кеӊешчиси болуп иштеди. 2014-жылы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп иштеп, 2015-жылы Атамбаевдин буйругу менен УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Сегизбаевдин башкаруусунда УКМК оппозициядагы белгилүү бир нече саясатчыларга каршы ар кандай беренелер боюнча кылмыш иштерине тергөө жүргүздү. Андыктан анын кызматтан алынышын Сооронбай Жээнбековдон көптөгөн саясий топтор талап кылып келе жатышкан. Атүгүл абактагы саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыровдор анын кызматтан алынышын талап кылып ачкачылык да жарыялашкан.

Айрым саясатчылар Абдил Сегизбаевдин жөн гана кызматтан бошоп кеткени жетишсиз, “Белизгейт” жаӊжалы, саясатчыларга каршы козголгон күмөндүү кылмыш иштери, алардын сүйлөшүүлөрүн жаздырып алуу иштери боюнча анын саясий жоопкерчилигин карап чыгыш үчүн атайын комиссия түзүлүүсү керек деп жатышат.

2016-жылы декабрда УКМК төрагасы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге Белиз өлкөсүнөн келди деп документтерди көрсөтүп маалымат берген. Сегизбаевдин маалыматы боюнча ал документтер “Ата Мекендин” 3 депутаты: Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Мегакомдун” 50 пайыз акциясын сатып, ал сатыктан пайда көрүүнү көздөгөнүн ырастамак. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Белизден келген маалыматтар аркылуу аталган 3 депутаттын бул ишке тиешеси жоктугун жарыялап, Сегизбаев Атамбаевге көрсөткөн документтер жасалма деп чыккан. Алмазбек Атамбаев “эгер Белизден келди деген документтер жасалма болуп чыкса, Сегизбаев керт башы менен жооп берет”, - деп эскерткен. Атамбаев бул иш өз көзөмөлүндө экендигин да жарыя кылган. Бирок 1,5 жылдан бери ал Белизгейт окуясына УКМК чекит коюп, президентке көрсөтүлгөн маалыматтардын чындыгын далилдебеди. Өткөн апта, 6-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков “Белизгейт” окуясы боюнча Кыргыз тараптын суроосуна Белизден дагы деле жооп келе электигин айтып, “алардын жообу жок эч кандай чечим чыгара албайбыз”, - деди. Ошентип Сегизбаев президентке, аны менен кошо бүткүл Кыргызга жарыялаган чуулгандуу иштин чындыгын далилдебеди. Бул окуяда тараза ташы “Ата Мекенчилер” тарапка ооп турат.

Сегизбаев кызматтан кетти. Анын кызматтан кетишин улуттук жеӊиш катары көрүп, президент Жээнбековго алкыш айткандар көп. Атамбаевдин кадры делген Сегизбаев кетти, бирок анын ордуна Жээнбековдун “Сегизбаеви” пайда болбойт деген кепилдик барбы? Жээнбеков азырынча эл уккусу келип эңсеген сөздөрдү айтып жатат. Элге жага турган сөздөрдү кызматка жаӊы киришкен бардык президенттер айтышат...

Бразилиянын мурдагы президенти Луис Инасиу Лула да Силва 12 жылга эркинен ажыратылды. Экс-президент коррупцияга, тактап айтканда, “курулуш компаниясынан пара катары 1 миллион долларлык үй алган” деп айыпталып, сот аны күнөөлүү деп тапты. Өткөн аптада Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга соттолду. Ага коррупция, мамлекеттик сырды ачыктоо өӊдүү 18 айып коюлуп, анын 16сы боюнча күнөөлүү деп табылды. Пак Кын Хеге ал президент болуп турган учурда иш козголуп, кызматтан четтетилген.

Кыргыз өлкөсүндө иштеп жаткан президентке иш козголушун элестетүү кыйын. Ал эми экс-президент Конституцияга ылайык, кол тийбестик макамына ээ. Кыргыз жеринде президент кызматтан мажбур четтетилген учурда гана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ал эми президенттик мөөнөтү аяктап, экс-президент статусуна ээ болгон адамды президент болуп турганда жасаган же жасабай койгон иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Аны кармоо, камакка алуу, тинтүүгө да болбойт. Экс-президентке булардан башка да артыкчылыктар каралган. Өлкө башчылары иштерине жоопкерчилик алуудан мындай мыйзамдар аркылуу коргонуп жатканы үчүн өлкөдө өнүгүү байкаларлык жүрбөй жатабы?

Учурда экс-президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамды өзгөртүү сунуштары акырындан айтыла баштады...

Өзбекстандык чек арачынын Аксы районунун тургунун атып салышын эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы иликтейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Окуя боюнча эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушары айтылды.

7-апрелде Аксы районунун 34 жаштагы тургунун Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Өзбекстандын чек арачысы атып салган. Жаракат алган жаран Кербен шаарындагы ооруканада каза тапкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ушул эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жөнөттү. Эртеси, 8-апрелде премьер Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефондо сүйлөшүп, окуяны талкуулашты деген маалымат таратылды. Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин ортосунда “Куралды өзгөчө учурларда гана колдонуу” жөнүндө 2010-жылкы макулдашуу бар. Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Таалай Кожошев Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлү Шавкат Мирзоабдуллаевге Өзбекстан аталган макулдашууну бузуп жатканын эскерткен.

Өткөн жылы Кыргыз бийлиги Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, 15 гана пайызы калды деп элге улам-улам маалымат тараткан. Бирок кайсы тилке кантип такталып, ал эми кайсы аймактар тактала электигин өкмөт ачык жарыялабай жатат. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Кыргыз жаранын аткан өзбек чек арачысы жазаланабы же өлгөн адам күнөөлүү болуп чыгабы? Бул иштин иликтенишинен эки өлкөнүн чегиндеги абал чын эле өзгөргөнү же буга чейинки маалыматтар жөн гана элдин маанайына таасир этүүнү көздөгөн “жел” маалыматтар экени ачыкталат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан