"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Сүйүнчү пул алуу үчүн документ тапшырган жарандарга бир айдын ичинде акча которулуп жатат" дейт социалдык өнүгүү башкармалыгы

Сүйүнчү пул алуу үчүн тиешелүү документтерди тапшырган жарандарга бир ай ичинде акча которулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Иличбек Үсөнов билдирди.

"Азыркы тапта сүйүнчү пул берүү жаңы башталгандыгына байланыштуу ар кандай маселелер жаралбай койгон жок. Бирок жарандардын ой-пикирин, сунуштарын угуп, улам сүйүнчү пул берүү жолдору жакшыртылып жатат. Азыркы тапта тиешелүү документтерди тапшырган жарандарга акча 25 күндүн ичинде атайын ачылган эсебине которулуп жатат", - дейт башчы.

Ошондой эле Үсөнов кээ бир учурларда жарандардын эсебине акча которулганы тууралуу SMS билдирүү барбай калып жатканын билдирип, алар өз эсебин банктан же банкоматтан текшерип туруусу керек экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына "2 айдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайыма сүйүнчү пул ала албай жатам" деген билдирүүсүн окурман WhatsАpp аркылуу жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ermekbai
2018-04-10 15:34:55
Мен ушул сүйүнчү пулун албадым. Барсаң ону айтып муну айтып башыңы оорутат. Өзүнүн акчасын берип жаткансып. Эми кандай случия болсода видеого тартып интернетке чыгарам.
+3
aiturgasha
2018-04-10 15:36:37
Бизда документти эми тапшырдык. Коробузго бир айдын ичинде карточкага тушот бекен, же жокпу. Негизи эч ким деле ала элек окшойт январдан бери. «мен алдым» деген адамды корбодум.
+3
nargiz-sa
2018-04-10 15:46:41
"Суйунчу" бул комокчу же жардамчы акча эмес да? Ушко акчаны беруунун жолдорун кайра иштеп чыгышынар кк. Суйунчу учун документ толтуруп, жыйнабай торот уйунон чыгып жатканда эле беруу кк.
+4
MTS
2018-04-10 16:23:45
Биз да тапшырганбыз 2 ай болду дайын жок...
+2
nurik-jami
2018-04-10 23:12:04
Суйунчу пулду мен алдым. Бирок тапшырганда тез эле берген жок. Толук бир айда алдым, анда да сосфонддогулар фамилямы ката жазып койушуптур. Документ тапшыргандан кийин да артынан чуркасан анан беришет экен. Негизи ушул мамилекеттик иште иштеген кызматкерлерге эч тушундойм. Документтин баарында данныйын толук жазылып турса да карашпайт. Анан эле алаарга келгенде сосуз бир катасы чыгат.
0
Elya20
2018-04-10 23:29:48
Кандай документтер керек экен? Мумкун болсо жазып коесунарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан