Дайыр Кенекеев: "Быйыл "Кербен" аэропорту ишке киргизилбейт"

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев быйыл "Кербен" аэропорту ишке киргизилбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

1-мартта парламент жыйынында "Кербен" аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынган.

Кенекеев билдиргендей, 2018-жылдын аягына чейин аэропортту ишке киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгат. "Кийинки жылы оңдоп-түзөө иштери аягына чыкса, учактар Кербенге учуп баштайт", - деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2018-04-10 15:29:33
Жеп эле койгом ошого ишке кечиреек кирет дагы кытай же орусиядан карыз алганда деп эле койбоптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан