Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши каралууда. Ал соттогу акыркы сөзүн сүйлөп бүткөн соң, сот өкүмдү даярдоо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Аскарбеков акыркы сөзүндө соттук териштирүүлөр 4 айдан бери уланып келгенин айтты. "Буйрук жана акча менен сот жана прокурорлор элдин тагдырын талкалап жатат. Сот мыйзамсыз чечим чыгарып келет. Бул доор бүттү.
Мен учак кулаган Дача-СУ айылынын элинин талабын талашкам. Ал айыл дале кооптуу абалда. Күнөөлүүлөр табылбай, тескерисинче, мага жана айылдын айрым тургундарына куугунтук болуп жатат.
Менин сүйлөгөн сөзүм боюнча 12 эксперт дайындалып, талдап чыгышкан. Алар алгач менин сөзүмдө "конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырык бар" деген жыйынтыкка келишсе, сот отурумунда "чакырык болгон эмес, эсибизде жок экен, видеону көрүшүбүз керек" дешти. Кийин бир гана эксперт келип "чакырык болгон эмес" деп айтты. Кайра кийинки сотко 4 эксперт келип, буйрукту аткарып, мени "чакырык таштаган" деп айтышты", - деди активист.
Эске салсак, Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (бийликти күчкө салып тартып алууга же Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.
Прокурорлор аны бир жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан.