Жарандардын айдоочулук күбөлүктү алуусу үчүн алгачкы жардамды көрсөтүү боюнча сертификатка ээ болуусун киргизүү сунушталды

Жарандардын айдоочулук күбөлүктү алуусу үчүн керектүү документтердин тизмегине алгачкы жардам көрсөтүү боюнча курсту аяктагандыгы тууралуу сертификатты киргизүү сунушталды. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-апрелдеги жыйынында каралды.

Бул боюнча баяндама жасаган депутат Бахадыр Сулеймановдун айтымында, демилгени ишке ашыруу үчүн бюджеттен каражат талап кылынбайт.

"Бүгүнкү күндө айдоочулардын медициналык билим деңгээлин жогорулатуу керек. Көптөгөн айдоочулар кырсыкка кабылган учурда жүргүнчүсү жаракат алып калса же дагы бир адамдын ден соолугуна зыян алып келсе, алгачкы жардамды көрсөтө албай келет. Ошондуктан биз айдоочулукка окуп жаткандарды ошол эле окуп жаткан жеринде кошумча алгачкы жардам боюнча билим алуусун сунуштап жатабыз. Билим алгандан кийин ага сертификат берилет. Ал үчүн айдоочулукка окутуп жаткан тараптардын керектүү жабдыктары болушу керек. Азыр аларда андай жабдыктар жок. Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги каршы эмес. Өкмөттөн акча талап кылынбайт", - деди Сулейманов.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Айнура Туйбаева сунушту ишке ашыруунун зарылдыгы жок экенин айтты. Анын пикиринде, жарандар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн тапшырчу сынагына алгачкы жардам көрсөтүүсү боюнча билимин сынаган суроолор камтылган.

Комитет мүчөлөрү сунушту жактырып, карап көрүү үчүн демилгени өкмөткө жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aza17
2018-04-10 16:06:12
Дагы бир корупциянын булагын каза баштадынар.
+3
Tolkun555
2018-04-10 16:22:52
И так окуп бутуп алып экзаменден ото албай журушот.
0
baisogur
2018-04-10 16:24:17
Жакшы идеа экен иш жузуно ашырса мункун миңинен жүзүнө пайдасы тийип калаар.
0
Rifle_I
2018-04-10 16:28:28
Экзаменден чын эле акча бербесе өтпөйт бекен Бишкекте ?
Билгендер жазып койсоңор. Мен башка шаарда акчасы жок тапшырып алдым эле. Аялымы окутайын десем жомокторду айтып беришти.
-1
pat12
2018-04-10 16:59:54
Жон турган буркуттун, ХХХХХ ХХХХХ уркутун болуп, жумурткадан кыр издеп эле турушат.
-1
fantomas
2018-04-10 17:00:26
Ташиквден токмок жеген Бахадыр Сулейманов ойлонуп отуруп отуруп ушуну ойлоп таптыбы?!!

Бул дегени эртен эле коррупция булагына айланат. Арадан жарым жыл отпой жатып бул сертификаттар 1000 сомдон сатылып баштайт....
+1
Isaeva
2018-04-10 17:24:58
Эс учун жоготкон, кырсыктаган, бир нерсеге какаган адамдарга көп жолугам. Бирок, коркуп, туура эмес кылып аламбы деп жардам берчү эмесмин. Башкалар жардам берет деп ойлоп. 16 сааттык алгачкы жардам курсунан откондон кийин, кандай абалда, кандай чара корсотуш керек экенин уйрондум. Бир канча адамга алгачкы жардамымды дагы бердим
-1
Isaeva
2018-04-10 17:27:50
Ар бир жаран алгачкы жардам көрсөтүү курсунан өтүшү керек. Элементарный жардам берилбеген үчүн канчалаган адамдар өмүрүнөн ажырап жатат.
-1
fantomas
2018-04-10 17:35:18
Isaeva, элдин баары сен эмес... Айдоочулук куболукту элдин 60-80% сатып алып жатат, окубай нетпей эле... Эми ага кошуп сертификатты сатышат... Эртен эле коррупцияга айлануучу нерсенин эмне кереги бар?!!

Болбосо милдеттуу эмес кылыш керек, сага окшогон конулдуулор болсо окушсун...
0
Bale
2018-04-10 21:12:24
кереги жок бул. жардам берелган адам сертификаты жок эле жардам берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан