Вице-премьер: "Өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга ниеттенүүдө"

"Өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга ниеттенүүдө", - деп бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

Ал учурда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү үч компания аракет кылып жатканын айтты. "Азыр алдын ала камераларды орнотуп, практика жүргүзүп жатабыз. Бир камера 31 күндө орточо эсеп менен 7 миң айдоочуга айып жазат экен. Бул айдоочулардын 4 жол эрежесин бузуулары боюнча аныктайт. Азыр эсептеп чыксак бир камерадан бир айда 15 миллион сом түшөт. Программалык камсыздоону биздин адистер жасап жатат. Азыр "Таза коом" программасына бөлүнгөн 1 миллиард сомдун ичинен 500 миллион сом каражатты ушул жакка жумшасак деп жатабыз. Азыр 2 камера коюлган, андан түшкөн каражаттардын баарын "Акылдуу шаарга" жумшайбыз", - деди Кенекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2018-04-10 17:09:59
Уй байлаарга жиби жок, үрүп чыгаар ити жок, биздин убадачылардын убадасы - аткарылышы менен баалуу.
0
Rakyl12
2018-04-10 17:50:09
Ошондо ылдамдык,кур дагы кайсы эрежелер бузууну аныктайт, ичип алганды билбесе керек.
0
zhigitaly
2018-04-11 02:11:55
Баягы эле шору каткан эл болбогон жерден штраф алат экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан